Кытайдагы Гонконг шаарында окуп жаткан кыргызстандык 27 студент чыгарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 20-ноябрда билдирди.
Алардын айтымында, 27 студент 18-19-ноябрда «Гонконг-Алматы-Бишкек» жана «Гонконг-Москва-Бишкек» учагы менен Кыргызстанга жөнөтүлгөн. Алардын чыгымын Кыргызстандын Гуанчжоу шаарындагы башкы консулдуктун кызматкерлери өз чөнтөгүнөн төлөгөн. Калган студенттер 21-22-ноябрда чыгарылат.
Эске сала кетсек, 15-ноябрда Гонконгдо окуган студенттердин ата-энеси президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, балдарын Кыргызстанга алып келүүнү суранышкан. Ушул эле күнү ТИМ Гонконгдо окуп жаткан кыргызстандык үч студент шаардан чыгып кеткенин билдирген. 16-ноябрда ТИМ студенттерди жашаган жеринен аэропортко жеткирүү маселеси каралып жатканын билдирген.
Жалпысынан Гонконгдогу окуу жайларда билим алып жаткан 42 кыргызстандык студент бар.
Бир нече айлардан бери Гонконгдо нааразычылык акциялары токтобой, байма-бай болуп келет. Эл экстрадиция жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизилгенине нааразы болуп, шаарда тополоң уюуштуруп жатышат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ