Menu

АША кыргызга миң жылда бир келчи апаат – факты (же мурдагы президенттин билдирүүсү жөнүндө)

Бөлүшүү:

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жакында УКМКнын убактылуу кармоочу жайында жаткан жеринен Кой-Таштагы хан сарайында 7-8-августта болгон окуялар жөнүндө билдирүү жасады. Ал саясатка аралашкандан бери адекваттуу эместиги менен айырмаланып келсе, тилекке каршы, аны аталган билдирүүсүндө дагы бир ирет ырастады. Алардын бардыгына ирети менен токтолобуз, бирок биз аны АШАнын бийликтен кеткенден берки иш аракеттерине, азыр СИЗОдо жаткан жоруктарына түп тамырынан карама каршы келген сөздөрүнөн баштасак дейбиз.

Ал Кой-Таштагы хан сарайында 7-8-августта болгон окуяларга катышкандардын таптакыр күнөөлөрү жок экендигин, алардын токтоосуз бошотулушун талап кылып, “эгерде ал окуялар боюнча бийликтегилердин суроолору болсо, аларды мага беришсин” дептир. Бул ачыктан ачык өзүнүн жарым жылдан бери эмне кылып келгендигин фарисейлик, жүзү каралык менен тангандык.

Кой-Таштагы окуялар эмнеден келип чыкты эле? Ал тез эле эсинен чыгарып койсо да мурдагы президент Алмазбек Атамбаев дегендин баш кесер криминал Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотулуусуна байланыштуу суракка келбей, тергөөчүлөрдүн суроолоруна үйүндө жооп бергенден караманча каршы баш тартып, мажбурлап алып келебиз дегендерди, өзү убагында ЖМКларга ачык айтып мактангандай, Драгуновдун снайпердик винтовкасы менен аткылагандыгынан улам келип чыккандыгын кыргызстандыктар түгүл, дүйнөлүк коомчулуктагылар деле унута элек. Ошондуктан аны сырттагы адам укуктары, гумандуулук боюнча жер жайнаган уюмдардын бири да колдогон эмес. Анткени, мыйзамга баш ийбей, соттук адилеттүүлүктүн ишке ашырылуусуна тоскоолдук кылуу – цивилдүү дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө эч кандай шылтоолор менен актоого, жактоого мүмкүн болбогон жапайы чектен чыккан наадандык катарында эсептелет. Жагабы, жакпайбы (тергөөгө чакырылган, албетте, эч кимге жаклайт, анткен менен акыл эси ордунда тургандар ага баш ийишет), жакшыбы, жаманбы, айтор аракеттеги мыйзамдык актыларга баш ийүү – аң сезимдүү адамдар үчүн милдет болуп саналат. Кой-Таштагы окуялар чуулгандуу АШАнын парламенттин аны кол тийбестиктен ажыратуу, Башкы прокурордун Батукаевдин маселеси боюнча ага карата кылмыш ишин козгоо боюнча чечимдерин да, тергөөчүлөрдүн чакырууларын да тааныбайм, алардын суроолоруна да жооп бербейм, келгендерин атам”,- деген жоруктарынан келип чыккан. Баргандарды чын эле атты, бир адамды өлтүрдү, беш-алтоосун жарадар кылды. Эми анын Кой-Таштагы окуялар боюнча бардык суроолорго өзүм жооп берүүгө даярмын дегени укук коргоо органдарын, коомчулукту шылдыңдагандык болуп саналат. Эмне үчүн анда Батукаевдин иши боюнча тергөөчүлөрдүн суроолоруна жооп бербеди?

Мында дагы бир элди кыжырлантканы, ал өз билдирүүсүндө өзү атып өлтүргөндүн жакындарына “Үсөнбек Ниязбековдун үй-бүлөсүнө оор жоготуулары үчүн терең кайгыруу менен көңүл айтам. Анын ордун толтурууга мүмкүн эмес. Мага адилеттүүлүк орногондо анын үй бүлөсүнө жардам көрсөткөнгө мүмкүнчүлүгүм болот деп үмүттөнөмүн” деди. Ооба, “беш-алты дурачок өлсө эч нерсе болбойт, компенсацияларын төлөтүп берсек, жакындары дымып калышат” дегенге көнгөн АША СИЗОдо жаткан жеринен курман болгон подполковниктин жакындарына кыйыр түрдө пара сунуштагандыгын билдирди. Ага Ү.Ниязбековдун жакындары эмне дешээр болду экен? Атайылап атып, адам өлтүргөн неме, абакта жатып алып курман болгондун жакындарына ачыктан ачык компенсация сунуштап жатса, мыйзамдуулуктун андан төмөн тебелеп тепселгендигин элестетүүгө болобу? Адатта бизде баш кесерлердин билдирүүлөрүнө( опузаларына ЖМКлар орун беришпейт, антишсе мыйзам чектеринде жазаланышат. ЖМКлар террористтердин, баш кесерлердин, оор кылмыштарга аралашкандардын трибуналарына айланбашы керек. Эмне үчүн анда алар Кылмыш Кодексинин ондон ашык оор беренеси менен айыпталып жаткан АШАнын билдирүүлөрүн таркатышууда? Билдирүүсүнө караганда, АШАнын чындап эле Батукаевдин бошотулушу боюнча гана эмес, Кой-Таштагы окуялар боюнча да жазадан кутулуп кеткенге үмүтү бар экен. Ылайым үмутү таш каап, АША ал окуя боюнча гана эмес, калган коррупциялык иштер боюнча да мыйзам чегинде өз жазасын алсын!

АША 2019-жылдын 26-июнунда эле кол тийбестиктен ажыратылып, ага каршы бир нече кылмыш иши козголгон. Мамлекетке 111 миллион долларлык зыян келтирилген Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу, Улуттук тарых музейин оңдоп, түзөөдөгү, Чолпон-Атадагы ат майданын куруудагы коррупциялык иштердин бир жак учу ага барып такалып жаткандыгы эч кимге жашыруун эмес. Ага жакында түштүктөгү жолдорду оңдоп түзөөдөгү жалпы көлөмү 380 млн. сомдук уурдоолор да кошулганы турат. Кыргызстандын күч органдары тарабынан изделип, бизге жалпы көлөмү 5 миллиард сомдук салыгын төлөбөй качып кеткен, жакында Түркияда өлтүрүлгөн Айеркен Саймаитини кызматтык машинесине салып жүргөн Эркинбек Сопоков да салык кызматында жүргөн жеринен чоңойтуп, жетекчи кылып байытып, дипломатиялык ишке жиберген АШАнын кадры болуп чыкты. Көрсө, Сопоков АШАнын жакын досунун күйөө баласы экен. Мына, криминалдык кландык башкаруунун бир кесепети. Өзүңүздөр ойлоп көрүңүздөр, Кыргызстандын күч органдары Саймайитини таап, кармай албай жүргөндө ал Кыргызстандын Стамбулдагы консулунун машинесинде чалкалап жүрсө, мындан өткөн шермендечилик болобу! Малайзиядагы элчибиз “сен дайыма менин ычкырымды аңдычы элең” деп досун күнөөлөп, бизди бүткүл дүйнөгө шылдың кылды эле, анысы дагы бир чоң өлкөгө элчи болуп кетип таң калтырса, мунусунун супер криминалга ат токугуч болуп жүргөнү аныкталып, дагы бир жолу шермендебиз төгүлдү. Ал үчүн ТИМдин тийиштүү жетекчилеринин бардыгы кызматтарынан айдалышы керек.

Тилекке каршы, булардын баары АШАнын убагында кадрларды туура эмес тандагындыгынан, досторунун, жакындарынын тилдерине кирип, дипломатиялык иштерге саясый жактан билимдери, түшүнүктөрү жетишсиз, оргу-баргы адамдарды дайындай бергендигинен улам чыгып жатат. Же бир саясатчынын АШАны “кыргызга миң жылда бир келген апаатка салыштырганы” чын экен, ал күндө аныкталып, ырасталып атат.

Күндөн күнгө АШАнын мыйзамдык нигилисттиги, Телибайдай ээнбаштыгы чектен чыгып баратат. Экстиктен эбак ажыратылгандыгына карабастан билдирүүсүндө өзүн экс-президент деп атаптыр. Анын кылгандары өзүн кудай деп жарыялаган бир инсандын жоругуна жакындап калды. Легитимдүү бир да мамлекеттик органдын чечимине баш ийгиси келбесе, ок атып, адам өлтүргөндөрдү, тополоңдорду уюштургандарды таптакыр күнөөсүз деп жатса, мындан башкача кантип мүнөздөөгө болот?

Кармалгандардын канчалык деңгээлде күнөөлөрү бардыгын же жоктугун, албетте, сот аныктайт. Бирок, АШАнын жоруктары өзүнчө укуктун гана эмес, соттук-медициналык кароону да талап кыла тургандыгы эбак ырасталган.

Автандил Белеков

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 − = 26

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: