20-ноябрда Бишкектин Свердлов районунда Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча С.Исаковго, Ж.Сатыбалдиевге, О.Лавровага, О.Артыкбаевге, А.Калиевге, С.Авазовго, Ж.Назаровго, Т.Бримкуловго карата кылмыш иши каралууда.
Сот материалдарды изилдөөгө өттү. Сот энергетиканын экс-министри Ильяс Давыдовдун сурагын, Энергетика министрлигиндеги чогулуштун протоколун, кытай делегациясы менен болгон жолугушуунун протоколун, ошондой эле СМЕСтин министрликке жазган катын окуду.
Андан кийин Куловдун катынан үзүндү келтирди:
“Жогоруда айтылгандар улам, TBEA компаниясынын Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча сунушун кайра карап чыгуу керек, анткени ал техникалык шарттарга жооп бербейт”, – деди сот.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ