Режиссер жана “Ак шоола” телесериалынын коюучусу Ырыс Окенова “Азаттык” радиосуна болгон доо-арызына кошумча киргизип, 5 млн сом төлөп берүү талабын кошту. Бул тууралуу 20-ноябрда режиссер өзү журналисттерге маалымдады.
Анын айтымында, Бишкектин райондук соту доо-арызга киргизилген кошумча доону да кабыл алган.
“Сериалдын бүджети жөнүндө жалган маалымат таратылып, КТРК менен рекламалык компания бизге бир тыйын да төлөбөй койду. Мага басым жасалып, жумушсуз калдым, ал эми кеткен чыгымды жабууну айтпай эле коеюн. Радионун журналисттери ала качуу эпизоду боюнча гана кара пиар кылбастан, өз материалдарында “Ак шооланын” артисттеринин ар-намысы менен абийирине шек келтиришти. Биз сериалды казак менен өзбек каналдарына саталы деп жатканбыз. Бирок ызы-чуудан кийин өнөктөштөрүбүз келишим түзүүдөн баш тартып коюшту”, – дейт Ырыс Окенова.
Эскерте кетсек, Ырыс Окенова кечирим суроону жана “Ак шоола” сериалына 250 миң доллар сарпталган деген маалыматты төгүндөөнү талап кылып жатат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ