Таласта документи жок 6 тонна бензин ташып бара жаткан айдоочу кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматынын (Финпол) басма сөз кызматы билдирди.
Алардын маалыматына караганда, Талас облусундагы «Кызыл-Адыр» машина көзөмөлдөө жайы «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү машинаны токтотуп, текшерген. Ал машинадан алты тонна бензин чыгып, аны күбөлөндүрчү документи айдоочунун жанында жок болуп чыккан. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, машина айып короосуна киргизилген.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ