Menu

Элдин “эсинде” калган экс-мэрлердин соту жылды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 20-ноябрда Бишкектин Ленин райондук соту экс-мэрлер Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовдун кылмыш иши боюнча соттук отурумун улантмак. Соттук отуруму адвокаттардын бири келбей калгандыгына байланыштуу башка күнгө жылдырылды.

Эске сала кетсек, К.Кулматов «Бишкектеги Калыс-Ордо конушундагы мектепти курууга бөлүнгөн 2 миллион долларды максатсыз пайдаланып, жемкорлукка барган» деген айып менен камакта отурат. Ал эми А. Ибраимов «Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген, «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айып менен соттолууда. Бирок, экөө тең мындай айыпты четке кагып келишет.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: