Ош облусунун Араван районундагы авиакассадан 107 миң сом жана баалуу буюмдар уурдалган. Бул тууралуу 20-ноябрда авиабилет саткан Махчехра Тешебаева журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, эки жылдан бери бир бөлмөнү ижарага алып, авиабилет сатып келет. Октябрда бөлмөнү ижарага берген ээси менен уруша кеткен. Ал 28-октябрда бөлмөнүн кулпуларын алмаштырып салган.
“Биз эшикти эки күндөн кийин ачтык. Кассада 107 миң сом жана парфюмерия бар болчу, жок болуп чыкты. РИИБиге кайрылдым. Бирок алигүнчө акчам кайтарыла элек”, – дейт ал.
ИИБинин басма сөз кызматы Махчехра Тешебаева 28-31-октябрда авикассасынан 107 миң сом жоголгону боюнча кайрылганын тастыктады. Мурда бөлмөнүн ээси да кайрылган экен. Бирок экөө жарашып алышып, тынчып калышкан. Анан кайра ээси бөлмөнү бошотууну талап кылып, берки аял болбой койгон. Тергөө амалдары жүрүп жатыптыр.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ