Menu

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты: “2020-жылы Бишкек бүджети 10 млрд сомду тарта албайт”

Бөлүшүү:

“Биз муну жакшы эле түшүнүп турабыз”, – деди Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Таалайбек Сагынов 20-ноябрда бүджет жана финансы боюнча комиссиянын жыйынында. Анын айтымында 2020-жылга карата бүджеттин долбоорунда 400 млн сомдон ашык жетишсиздик бар.

“Салыктын бардык түрүн көтөрүү 9%ды түзүп жатат, бирок бул аткарылбайт. Пайызга карата канчасы калып жатат? 109%га күчүбүз жетет деп ишенгим келет, бирок 2020-жылдын бүджетин аткара албайбыз. Салык боюнча, трансферт боюнча аткаруу кыйын, эмдиги жылы каржы маселеси жагынан кыйла кыйын болгону калды. Бишкектин бүджети 800 млн сом трансферттик каражаттар түшөөрүнө ким кепилдик берет?”, – деди депутат.

“Бизди андай акча жок, ошондуктан бул маселе боюнча Каржы министрлиги менен өкмөткө кат жолдодук. Алар өз кезегинде булактарын табышты”, – деди вице-мэр Алмаз Бакетаев.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 − = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: