Menu

Сооронбай Жээнбеков: Балдарды коргоого, зордук-зомбулукка жол бербөөгө багытталаган иштерди күчөтүшүбүз керек

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-ноябрда, Балдардын укуктары боюнча конвенциянын кабыл алынышынын 30 жылдыгына карата кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысынын кайрылуусунун тексти:

«Урматтуу мекендештерим!

Мындан туура 30 жыл мурда Бириккен Улуттар Уюму Баланын укугу жөнүндө конвенцияны кабыл алган.

Кыргызстан ушул Конвенцияга кошулганына 25 жыл болду. Аны менен биздин коом ар бир бала ата-эненин жана мамлекеттин камкордугунда болот деп милдет алган.

Биз балдардын укуктарынын сакталышын, сапаттуу билим алуусун, ден соолугунун корголушун, үй-бүлөнүн курчоосунда жана коопсуз чөйрөдө өсүшүн камсыз кылып, аларга карата зордук-зомбулукту болтурбоого милдеттүүбүз.

Баарыбыз ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жардам берип, алардын өзү теңдүүлөр менен катар өнүгүүсүнө шарт түзүшүбүз керек.

Укук коргоо органдарынын, соттордун жана жергиликтүү бийлик органдарынын балдарды коргоого, зордук-зомбулукка жол бербөөгө багытталаган иштери күчөтүлүүгө тийиш.

Ушул жылдын 1-июнунда башталган, балдарды коргоого багытталган „Тумар“ кампаниясы жыл сайын өткөрүлүүгө тийиш.

Балдарыбыз бактылуу болушсун! Аларга камкордук жана кубаныч тартуулайлы!»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: