Ошто өрт чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, Кара-Суу районунун Султан-Абад айылындагы Нурахунов көчөсүндөгү үйлөрдөн өрт чыккан. Өрт эки үйдүн ортосундагы чатырдан чыгып, биринчи үйдүн бөлмөсүнүн 15 чарчы мерт аянтын, экинчи үйдүн 23 чарчы метр аянтын жалмап кеткен. Жалын андан ары тутанып, № 409-Б дарегиндеги үйгө өтүп, 240 чарчы метр чатыры өрттөнгөн. Жабыркагандар жок.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ