Menu

ЖК депутаты Чыныбай Турсунбеков УКМКга коомдук активист Мелис Аспековду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча арыз жазды

Бөлүшүү:

Депутат  өз арызында Мелис Аспеков андан 11 миң доллар доолап жатканын келтирген.

“2019-жылдын 4-июнунан 9-сентябрга чейин мени коркутуп, менин кадыр-баркымды түшүрө турган далилсиз маалыматтарды ММКлар менен Интернетке жарыялайм деп шантаж кылып, 11 миң АКШ доллар беришимди талап кылып келет. Мен ал айткан сумманы берүүдөн баш тарктанымда, М.Аспеков айтканын кылып, мен жөнүндө жалган маалыматтарды таратып келет”, – деп айтылат арызда.

Арыз 2019-жылдын 18-сентрябрында жазылган.

Чыныбай Турсунбеков Кыргызстанда ийгиликтүү ири бизнес ачканы менен белгилүү. Эң чоң бизнес-долбоору – “Акун” заводу. Соңку жылдары анын ишканаларын үй-бүлө мүчөлөрү менен ишенимдүү кишилери жетектеп келет.

Эскерте кетсек, 2019-жылы жайында активист Мелис Аспеков соцтармактар аркылуу 2011-жылы төмөнкү баада сатылган Бишкек ликер-арак заводу жөнүндө жазып, ага Чыныбай Турсунбековду байлап келген. Мындан бир канча жыл мурун укук коргоо органдары бул иш боюнча тескеп, мыйзам бузуу табышпай, иш жабылган эле.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: