Menu

Кабаеванын үй-бүлөсүнө таандык кыймылсыз мүлктүн баасы 1 миллиард рублдан ашты

Бөлүшүү:

«Улуттук медиа тобунун» директорлор кеңешинин башчысы, мурдагы гимнаст Алина Кабаеванын үй-бүлөсүнө таандык кыймылсыз мүлктүн жалпы баасы 1 миллиард 250 миллион рублге жетти. Бул тууралуу «Ачык медиа» басылмасынын иликтөөсүндө жазылган.

Маалыматка караганда, Кабаева жана анын туугандары алты батирге, эки үйгө жана өлкөнүн төрт аймагында 70 сотых жерге ээлик кылышат.

Алина Кабаева 2018-жылы июлда алгачкы жолу Рублево-Успенский шоссесинде өзүнүн атына жер тилкесин каттаткан. Росреестрдин маалыматына ылайык, анын «Успенское» айылында 25 сотых жер тилкеси бар. Анын жанында 2013-жылдан бери Кабаеванын чоң апасы Анна Зацепелина ээлик кылган 45 сотых жер жайгашкан. Булардын жалпы баасы 655 миллион рублди түзөт.

«Собеседник» басылмасынын маалыматына ылайык, олимпиада чемпионунун апасы Любовь Кабаева Сочинин Эсто-Садок айылындагы 334 чарчы метрлик эки кабаттуу үйдү ижарага алып жашайт. Ал бул үйдү 2010-жылы 11 адам менен чогу 49 жылга ижарага алып, баары биригип 101 миң рубль же күнүнө 278 рубль төлөп турушат.

Эсто-Садок айылынан бир нече чакырым алыстыкта премьер-министр Дмитрий Медведев барып жүргөн резиденция бар. Бул тууралуу Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун иликтөөсүндө белгилүү болгон.

Мындан тышкары анын синдиси Лейсан Кабаева менен чоң апасы Анна Зацепилина Москва жана Санкт-Петербург шаарларында төрт батир сатып алышкан. Алардын болжолдуу жалпы баасы 740 миллион рублди түзөт. «Дождь» телеканалынын маалыматына караганда, ал батирлерди президент Путиндин жакын адамдары — Петр Колбин, Геннадий Тимченко жана Григорий Баевский саткан.

Ошентип, Кабаева менен анын туугандарына бир миллиард рублден ашкан кыймылсыз мүлк таандык.

Алина Кабаева акыркы декларациясын 2013-жылы, Мамлекеттик думанын депутаты болуп турганда тапшырган. Анда анын көрсөтүлгөн кирешеси 11 миллион рублге жакын болчу. Учурда ал башкарып жаткан «Улуттук медиа тобу» жылдык отчетторун жарыялабагандыктан, Кабаеванын кирешесин баалоого мүмкүн эмес.

2008-жылы «Московский корреспондент» гезити Орусиянын президенти Владимир Путин жубайы менен ажырашып, Алина Кабаевага үйлөнгөнү жатканын жазган. Бул макала жарыялангандан кийин басылма дароо ишин токтотуп, көп өтпөй жабылып калган. Андан бери Путин менен Кабаева үч балалуу болгону айтылып жүрөт. Бирок алар бул маалыматты ырастай элек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 − 42 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: