Социалдык тармакка тараган Жалал-Абад облусундагы Аксыдагы кыздардын массалык мушташы каттоого алынды. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, Аксы районуна караштуу Жаңы-Жол айылындагы Мамытбеков атындагы мектептеги 10-11-класстагы кыздар 18-ноябрда, саат 17:30дар чамасында мушташышкан. Алдын ала маалыматка караганда, мектептен кыздар чырлаша кетип, аны чечишип алуу үчүн мектептин аймагынан чыгып, чет жакка барышкан. Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси (“Бейбаштык”) боюнча каттоого алынган. Учурда укук коргоо органдарынын өкүлдөрү мушташтагы кыздарды издеп жатат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ