Menu

Өзбекстанда милиция имаратын ремонттоп жаткан жети жумушчу газга ууланып мерт болду

Бөлүшүү:

Жизак облусунун Даштабад шаарында 19-ноябрга караган түнү ички иштер башкармалыгынын имаратын ремонттоп жаткан жети жумушчу газга ууланып мерт болду. Бул тууралуу маркумдардын туугандары билдирди.

Маалыматка караганда, жумушчулар имараттагы бөлмөлөрдүн биринде түнөшкөн. Түнкүсүн плита иштеген бойдон калып, жумушчулар газга ууланып каза табышкан.

Баштапкы маалыматтар боюнча маркумдардын экөө Самарканд, калгандары Жизак облусунун тургундары болгон.

Даштабад шаардык ички иштер башкармалыгы жумушчулардын өлүмүн тастыктап, бирок кененирээк маалымат берүүдөн баш тартты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 − 35 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: