Menu

Азиз Канатбек, эксперт: “Шайлоо босогосу 9%дык чекте калтырылышы керек…”

Бөлүшүү:

Шайлоо алдында саясатчылар шайлоо босогосун 5%га, ал турмак 3%га чейин азайтуу боюнча талкууну башташты. Бирок мындай өзгөртүү мамбашкаруунун бардык системасына тобокелчилик жаратат. Эмнеге Жогорку Кеңешке шайлоонун 9 пайыздык босого чегин жок дегенде бир шайлоодо сынап көрүү керектигин саясий жана юридикалык илимдердин достору Азиз Канатбек айтып берди.

– Мен БШКнын мүчөсү болуп турганымда шайлоолорду уюштуруу позициясында да, шайлоого катышууга документ тапшыргандардын катарында да болдум. Бирок мен азыр бул маселени иликтеген илимпоздун көз карашы менен айтам: 9%дык босого чекти колдойм. Биз парламенттик республикабыз, же парламенттик республика болууга умтулуп жатабыз деп айтуудабыз. Мындай башкаруу формасында башкы нерсе – бул партиялык курулуш. Биздин өлкөдөгү парламент күчтүү жана бардык жагынан алдыда болушу керек. Президенттен жана аткаруу бийлигинен айырмаланып. Азырынча бизде көптөгөн майда партияларды түптөөгө тажрыйба бар жана биз мындай системанын терс жагын жакшы билебиз, ал – туруксуз өкмөт. Көпчүлүк коалицияга кирген фракцияларга өкмөттү түзүүдө бири биринин талаптарын эске алууга туура келет. Эгер шайлоо босогосун бийик бойдон калтырсак шайлоодогу жеңиш бир гана партиянын энчисине туура келиши мүмкүн, башкача айтканда 65 мандатты алат, бирок бул парламентте күчтүү оппозиция жок болуп калат дегенди билдирбейт. Партиялар бириге алышат, – дейт Азиз Канатбек.

Түркияда Канатбек мырзанын айтымында, партиялар парламентке келиши үчүн 10 пайыздан кем эмес добуш алышы керек. Бул бир топ чакан, оппозициялык партияларды биригип, шайлоого альянс болуп барууга мажбурлайт. Жыйынтыгында мындай модель депутаттык корпустун сапатын жогорулатат.

– Эгер шайлоочулардын кызыкчылыгын айта турган болсок, анда аларга мындай системада бир топ жеңил болот. Алар алдыдагы беш жыл ичинде өлкөдөгү саясаггы жүргүзө турган партияны максаттуу түрдө тандап алышат, – деп сөзүн улантты Азиз Канатбек.

Эксперт бүгүнкү күндө босого чекти азайтууга активдүү күрөшүп жаткан саясатчылардын бул жерде кандайдыр бир жеке кызыкчылыгы бар экендигин ишенимдүү түрдө белгиледи: “- Бул маселе кадимки эле жеке кызыкчылык. Лидерлерге партиясы парламентке өтүшү маанилүү, босого чек канчалык ылдый болсо өтүү да ошончолук жеңил. 2% болсо дагы макул болушмак”.

Ал ылдый босого чекте парламентке майда аймактык, ал турмак өзүнүн районунда натыйжалуу иштеген бирок республикалык масштабда эч нерсе кыла албаган райондук партиялар да өтүп кетүү коркунучу жаралат дейт.

– Республикалык деңгээлдин 9 пайыз болушу бул туура, жок дегенде бүгүнкү учурда. Биз парламенттик өлкө болууга умтулуп жатканыбыздан кийин күчтүү парламент жана номиналдуу президентке жетиш үчүн бийик босого чекти коюшубуз керек. Бул менин илимпоз катары жана шайлоо менен алектенген адам катары позициям,- деп кебин жыйынтыктады Азиз Канатбек.

Белгилей кетсек Жогорку Кеңеште босого чекти 9 пайыздан 5 пайызга азайтуу боюнча мыйзам долбоору сунушталган. Өзгөртүүнү колдогондор учурдагы босого чекте Жогорку Кеңешке ири каржы ресурстарына ээ партияларга гана келе алаарын жана өлкө олигархтардын чакырылышына ээ болоорун айтышуула. Бирок бул теория гана. Практикада 9 пайыздык чек бир да жолу колдонула элек. 2015-жылдагы шайлоодо 7 пайыз босого чек болгон, анда 6 партия жеңишке жетишкен.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 − 38 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: