Түркиянын курорттук Анталья шаарынан синтетикалык баңгизаттан турган ири партия менен үч киши колго түштү. Бул тууралуу 20-ноябрда haberler.com сайты билдирди.
Маалыматка ылайык, атайын операция учурунда шектүүлөрдүн автоунаасы токтотулган. Аларды тинткенде, 3,4 миң экстази дарысы, 610 грамм метамфитамин жана 1 кг 131 грамм “сканка” (кара куурай түрү) табылган.
Колго түшкөн А.С., М.А. жана кыргызстандык Е.Т.га кылмыш иши козголду.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ