Menu

Азиз Батукаев Чеченстанда өз позициясын бекемдеп жатат

Бөлүшүү:

Өз республикасында эркиндикте жүргөн кримтөбөлдөр “славян” канатындагы мыйзамдагы уурулардын сыртка чыгып кетиши менен алардын ордун басууда. Бул туралуу 20-ноябрда “Преступная Россия” порталы жазып чыкты.

“Росбалттын” укук коргоо органдарындагы булагынын маалыматына ылайык, “№1 ууру” Олег Шишканов (Шишкан), Алексей Петров (Петрик), Михаил Воеводин (Миша Лужнецкий), Сергей Аксенов (Аксен) жана Василий Христофоровдор (Вася Воскрес) Орусияга дээрлик келбей, тийди-качты болуп калышкан. Ал эми Закавказдык республикадагы уурулар Түркия менен Грецияга отурукташып алышканы айтылат.

Ошол эле учурда Европа менен Түркияда жашаган кримтөбөлдөр Абу жана Хусейн Ахмадовдордон (Хусейн Слепой) башка Чеченстандагы этникалык криминалдын туу чокусундагылар жакынкы арада Орусияда алдыңкы ролго чыгышы ажеп эмес.

Кеп Гилани Алиев (Гилани Седой), Азиз Батукаев (Азиз), Ислам Эдильгиреев (Ислам Большой) жана жакында эле 10 жыл отуруп чыккан Ахмед Домбаев (Ахмед Шалинский) жөнүндө болуп жатат.

Жакында эле лидерликти дал ошол Домбаев алат деп жатышкан, бирок азыр бийликти Батукаев менен ымалаш Казбек Дукузовго бере башташты. Негизги маселелердин бардыгын ушул кримтөбөл чечип калган имиш.

Дукузов орусиялык Forbes журналынын башкы редактору Пол Хлебниковдун өлтүрүлүшү боюнча эл аралык издөөгө салынганы менен, аны Чеченстан менен Бириккен араб эмираттарынан такай көрүп келишет.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 − = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: