Menu

Видео – Айылдык депутаттардын жогорку билимдүү болушу керектигин депутат Акылбек Жапаров айтса, спикер Дастан Жумабеков каршы чыгып, кереги жоктугун айтты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 20-ноябрда, Жогорку Кеңеште жергиликтүү бийлик органдарынын ролун жана жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган “КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун кароо жол-жоболору улантылды. Демилгечилер – депутаттар тобу. Айылдык кеӊештердин депутаттарында жогорку билимдин талап кылынышы кайчы пикирлерди жаратты.

Демилгечилердин бири, депутат Акылбек Жапаровдун айтымында,  айылдык кеӊештердин депутаттары  жогорку билимдүү болушу керек, мыйзамда талап кылынат. Ага спикер Дастанбек Жумабеков каршы чыкты. «Мен буга каршымын. Айылда мындай талаптын кереги деле жок, анткени айылдагы жогорку билимдүүлөрдүн баары шаарда же башка жерлерде жүрөт. А айылдагы тың чыккан фермер, айдоочу же коомдук ишмер болсо ал эмне үчүн депутат боло албасын? Алардын укугун эмне биз тебелешибиз керек?»,-деди спикер.

Акылбек Жапаров  мурда жогорку билим тууралуу норма мыйзам катары кабыл алынганын түшүндүрүп, президент ага кол коюп, ишке киргенин, ошентсе да, спикердин айткандарын эске алуу менен экинчи окууга киргизиле турганын билдирди.

Мындай талашка жыйынга катышкан БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова аралашып, ал «жергиликтүү кеңештин депутатынын сөзсүз түрдө жогорку билими болушу керек» деген норма жок экенин айтты.

Жумабеков, Жапаров, Шайлдабекованын диалогун төмөндөгү видеодон көрө аласыздар:

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 + = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: