Menu

Тажикстан терроризм үчүн соттолгондорго өзүнчө түрмө курат

Бөлүшүү:

Тажикстан Коопсуздук кеңешинин аппарат бөлүмүнүн башчысы Юсуфжон Юсуфзода терроризм үчүн соттолгондорго атайын түрмө салуу маанилүү экенин билдирди. Анын айтымында, мындай категориядагы кишилер башка соттолуучулардан өзүнчө кармалышы керек.

Өлкөдөгү пенитенциардык системаны өнүктүрүүгө арналган жыйында Юсуфжон Юсуфзода Тажикстан Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу башкы башкармалыгына кайрылып, бул маселени карап чыгууну өтүндү.

Жаза аткаруу башкы башкармалыгынын башчысы Мансуржон Умаров сунушту колдой турганын айтып, камера тибиндеги түрмөнүн курулушунун долбоору даярдалып жатканын билдирди.

Ал мындай типтеги түрмө көзөмөлдү күчөтүүгө шарт түзөрүн, тополоң жана качып кетүүгө бөгөт коюларын белгиледи:

– Мындай мекемени куруу киши өлтүрүү жана соттолгондор арасында экстремисттик идеалардын жайылышы сыяктуу көрүнүштөрдүн алдын алат.

Тажикстанда былтыр Хожент жана быйыл Вахдат түрмөлөрүндө тополоң чыгып, бир нече адамдын өмүрү кыйылган. Эки козголоң үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” террордук тобу өзүнө алган. Тажик бийлиги тополоңду экстремизм үчүн соттолгондор уюштурганын билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 − = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: