“Кышкы от жаккан учурда шаарды түтүн каптаганы жыл сайын көтөрүлүп келет, а калган мезгилде буга көңүл бурбайбыз”. Ушинтип 21-ноябрда депутат Улан Примов (КСДП) ЖК жыйынында айтып чыкты.
“Бишкектин тегерегинде чоймо, желимдер өрттөлүп жатат. Мыйзам чегинде буга тыюуу салалы. Из чыгарган эски автоунааларга да тыюуу салыш керек, алар да абаны булгап, талаптарга жооп бербейт. Эгерде өкмөт ушундай норманы сунуш кылса, ЖК колдоп бермек”, – деди депутат.
Ошондой эле Бишкек-Ош жана Бишкек-Балыкчы жол каттамында желим идиштер жерде чачылып жатканын кошумчалады.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ