Menu

Эксперт Азамат Акаенеев: “Бизнес менен мамлекет сүйлөшүп жатат, бирок жыйынтыгы жок. Биз көк музда тыбырчылаган балыктай болуп калдык”

Бөлүшүү:

Бул тууралуу 21-ноябрда “Санарип экономиканы сапаттуу өнүнтүрүүнү калыптандыруу фактору катары бизнес-ассоциацияларды күчтөндүрүү” аттуу бизнес-форумунда КР өкмөтүнүн алдындагы бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча Кеңештин экономика боюнча эксперти Азамат Акенеев айтып чыкты.

“Сүйлөшүүлөрдүн максаты эмнеде? Бул экономика менен ишкердик активдүүлүктү жакшыртууга тийиш. Азыр 2019-жыл, келгиле, мойнубузга алалы, азыр бизнестеги абал позитивдүүбү? Эгерде сандарды карасак, ИДП өсүшү бар, бирок биз бизнес менен иштешип жатып, экономикада, инвестицияда, бизнестин активдүүлүгүндө төмөндөө жүрүп жатканын көрүп жатабыз. Эмнеге мындай болуп жатат? Азыр жакшылап ойлоно турган мезгил, бизнес да, маморгандар да, өнүгүү боюнча өнөктөштөр да бизнести өстүрбөгөн климаттын үстүндө ойлонбосок болбойт. Эмнеге биз коңшуларга уттуруп жатабыз? Сүйлөшүүлөр кана? Бизде өсүүнүн эң төмөнкү темпи байкалып жатат. Бизде мыйзамдар мыкты, бирок реалдуу жыйынтыкка келбей жатабыз”, – деди ал.

Анан ал “көк музда тыбырчылаган балыктай болуп калдык” деп кошумчалап койду.

“ЕАЭБге кирип жатканда, биздин ишкерлер атаандаштыкка туруштук берет деп ойлогонбуз. Тилекке каршы, андай болбой жатат. Бизде эмгек өндүрүшү эң төмөн. Өнөр жай боюнча КМШ өлкөлөрүнүн көч артындабыз. Мамлекет менен жеке бизнестин диалогу жөн эле жолугушуп коюу, сунуш айтуу менен чектелип калбашы керек”. – деди эксперт.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 + = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: