Menu

Тынчтык Шайназаров, ЖК депутаты: “Бакыт Төрөбаев президентти мактаса, мен да колдойм”

Бөлүшүү:

– Тынчтык мырза, Евразиялык экономикалык комиссия кеңеши Кыргызстандын өкмөтүнүн автоунааларга бажы төлөмдөрү үчүн жеңилдикти узартуу сунушун колдогон жок. Муну айрымдар ЕАЭБдин диктатурасы катары кабылдап жатышат. Сиздин оюңуз кандай?

– «ЕАЭБдин диктатурасы» дегенибиз бир аз копол сөз. Бизге жеңилдик катары үч жылдык мөөнөт берилген. Биз ал мөөнөттү колдондук. Анан эми ар бир мамлекет өзүнүн экономикасынын өсүшүнө, өндүрүшүнүн алдыга жылышына кызыкдар да. Россияда автопром бар. Алар автоунааларын чыгарып сатылышына кызыкдар. Мен түшүнүп турам. Үч жыл ичинде биздикилер Америкадан, Европадан сапаттуу, арзан унааларды алып келип сатып, элибизге кандайдыр бир деңгээлде ыңгайлуулук түзүлүп калган. Эми анын жокко чыгып жатканы чычалатууда. Өтүнүчүбүз четке кагылды. Бул да болсо келишимдин негизинде болду. Демек, туура эмес иш кылышкан жок комиссиядагылар.

– Акчаң болсо сырттан унаа алып келип айда, жок болсо «Жигули» айда деген заман келеби эми?

– Россиядан чыккан унаалар көп келе баштайт. «Жигули», УАЗ, корея, япон унааларынын Россияда чогултулганы. Алар эми Кореянын, Япониянын өзүндө чыгарылганга караганда сапаты бир аз төмөн. Бирок, баасы бизге ылайыктуу болуп, сатып алганга болот.

– Биринчи Май райондук соту Уланбек Чалбаевди (200 миң доллар пара алган деген шек менен кармалган башкы прокуратуранын мамлекеттик айыптоону колдоо башкармалыгынын мурдагы башчысы) беш жылга кескен чечим чыгарды…

– Мыйзамда ушундай каралган. Чалбаевдин тагдырын бир гана сот чечет жана чечти. Аны эркинен ажыраткан чечим чыгарганда, ошол эле вещдок боюнча да айтылды. Ал эми кармоо процессинде вещдок катары алынган 200 миң доллардын тагдырын да сот чечет. Мамлекеттин эсебине чегерилеби, же акчаны берген кишиге кайра кайтарылып берилеби – аны да бир гана сот чечет. Маалымат окудум, далил зат катары алынган 199 миң 500 доллар жана “Samsung Galaxy S6 edge” үлгүсүндөгү уюлдук телефон мамлекетnин пайдасына чегерилгенин.

– Лидериңиздер Бакыт Төрөбаев президентти мактап, дарегине жакшы сөздөрдү айта баштады. Мындан улам, коомчулукта «Төрөбаевдин кийинки шайлоого барарына уруксат берилиптир» деп чыккандар болду. Туруп туруп эле президентти мактап киргендин бир себеби болсо керек?..

– Президент – бул эл шайлаган адам. Мен дагы кошумчалап кетким келет, жөн эле адам президент боло калбайт. Кудайдын назары түшкөн адам президент болот. Эл шайлап, ишеним көрсөткөн соң, анын ишин колдош керек. Бир саясатчы мактаганы проблема эмес да. Бирөө мактайт, бирөө жамандайт. Ар бир адамдын сезими ар кандай. Бирөөнө иши жагат, бирөөнө жакпайт, сындайт. Бизде демократия. Бакыт Эргешовичтин президент Сооронбай Шариповичти мактап айткандарына кошулам. Ал эми кийинки шайлоого барат-барбайт жөкүндөгү маселе азыр күн тартибинде эмес. Шайлоого дагы бир жыл бар. Кудай билет, дагы кандай иштер болуп кетет. Жаманбы-жакшыбы, «Өнүгүү-Прогресс» деген партия бар, парламентте фракция бар. Элге пайдалуу бир топ иштерди жасады. Кайсы партияны кандай тагдыр күтүп турат, бул боюнча эч ким кепилдик бере албайт.

– «Шайлоо босогосу 9% бойдон калсын» деп бекем турасыздарбы?

– Ооба. Себеби, мен юрист катары айтып коюшум керек. Мыйзамдын күчтүүлүгү анын аткарылышында. Жакшы мыйзам, жаман мыйзам болбойт. Кабыл алындыбы, биз аны аткарууга тийишпиз. «2020-жылкы парламенттик шайлоо 9 пайыз босого чек менен өтсүн» деп мыйзам кабыл алынган. Ошонун тегерегинде иш алып барышыбыз керек. Албетте, сунуштарды кабыл алганга убакыт бар. «5%га, 7%га түшүрүү керек» деген сунуштар айтылууда. Каралса, эске алынса, мыйзам кабыл алынса, ошол боюнча иштейбиз. Укуктук мамлекетте жашап жаткандан кийин, туура ой жүгүртүп, баары мыйзам чегинде ишке ашканы туура болот.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 − = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: