Menu

Укук коргоочулар: Иранда демонстрациялар учурунда 100дөн ашык киши өлдү

Бөлүшүү:

Иран президенти Хассан Роухани шаршембиде “душмандардын кутумун жеңүүгө мүмкүн болгонун” жарыялады. Жергиликтүү телеканалдар аркылуу көрсөтүлгөн өкмөттүн жыйынында ал жапырт башаламандыктарды басуу тууралуу пикирин билдирди.

– Иран эли кайрадан сыноодон өтүп, душмандарга абалдан пайдаланууга жол бербей турганын көрсөттү, – деди ал.

Роухани эл бийликтин аракетине нааразылык билдирүүгө укуктуу экенин да кошумчалады.

Мамлекеттик ММКлар демонстрация учурунда кармалгандардын арасында Германия жана Түркия жарандары да ар экенин маалымдашты.

Нааразылык акциялары башталганда Иран бийлиги Интернетти өчүргөн. Буга байланыштуу социалдык түйүндөрдө протесттер учурундагы видео жана сүрөттөр дээрлик жок.

Amnesty International укук коргоо уюму күбөлөргө жана активисттерге таянуу менен нааразылык акциялары 20дай шаарда өткөнүн, демонстранттарды кууп таратуу учурунда бери дегенде 106 киши өлгөнүн, 1000дей адам камалганын билдирди. Иран бийлиги бул маалыматтарды четке кагууда.

Иранда наразылык акциялары 15-ноябрда башталган. Буга бензиндин баасынын көтөрүлүшү, май куюуга чектөө киргизүү себеп болгон. Бийлик экономикалык көйгөйлөрдү ушундай жол менен гана чечүү мүмкүн экенин айтууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 − = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: