Menu

Депутат Наталья Никитенко: “Эл “реформа” деген сөздөн жийиркенип калды”

Бөлүшүү:

Бул сөздү өкмөт көп колдонорун, бирок жыйынтык жок экенин, жарандар “реформа” деген сөздөн кадимкидей жийиркенип калганын депутат Наталья Никитенко (“Ата Мекен”) 21-ноябрда ЖК жыйынында айтты.

Депутат айым жана бир нече кесиптеши медициналык камсыздандыруу фондунун 2018-жылдагы ишмердүүлүгүн сынга алышты. Депуттар айтылган сандар чындыкка дал келбесин белгилешип, маселени күн тартибинен алып салууну талап кылышты. Министрлер кабинети аудит текшерип, мызам бузуулар болгонун аныктагандан кийин кандай чара көрүлгөнүнө жооп бере алышпай койду.

“Биз өкмөттү кылган ишине жооп бергенге үйрөтүшүбүз керек болуп калды, мындай отчеттордун майда-чүйдөсүнө чейин кароо керектиги үчүн парламентти да, өзүбүздү-өзүбүз үйрөтүшүбүз керек. Фонддун отчету канааттадырарлык эмес, кабыл алууга мүмкүн эмес, карагылачы, канча сын айтылды. Медициналык камсыздандыруу системасы боюнча кардиналдуу өзгөрүүлөр керек экендигин түшүнүп турабыз. Мен атайын “реформа” деген сөздү колдонбой жатам, анткени бул сөздүн артында эч нерсе жок. А чындыгында, өзгөрүүлөр керек, Медицианалык камсыздандыруу фондунун каражаттары эмнеден түзүлүп, кандай бөлүштүрүлүп жатканына жаңы мамиле жасабасак болбойт. Жарандар эмнеге үмүт артса болорун билиши керек, түшүнүшү керек”, – деп Наталья Никитенко нааразы болду.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 − = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: