Menu

Таалайбек Масабиров, ЖКнын депутаты: “Букмекерлер ачылып, казинолор азыр деле иштеп атышат”

Бөлүшүү:

– Таалайбек мырза, депутат Примов «казинолорду кайра ачалы, бюджетке акча түшөт» деп чыкты. Казинолордон казынага канча каражат түшөт?

– Казино – кумар оюну. 2011-жылы кумар оюндары катары казинолордун жабылышын талап кылышып, атайын мыйзам кабыл алынган. Анткени, кумардын залакасы бир нече үй-бүлөлөргө тийди, өмүрлөр кыйылды, кылмыштар көбөйүп кеткен. Иштеп турган кезде бул тармактан «жылына 500 млн. сомго чейин казынага каражат түшүп турган» деген маалыматтар бар. Казинолор жабылгандан кийин деле кумарканалар биротоло жоголду (!) дегенден алысмын.

Букмекерлер ачылып, жашыруун иштеп жатышат азыр деле. Бир тобун укук коргоо органдары жапканга аракет кылды. А негизи мен казинолордун кайра ачылышына каршымын. Жабылышын колдогон депутаттардын тобунда болгом. «Казинолордун эсебинен бюджетти толтурабыз» дегендин өзү туура эмес. Башка тармактарды: туризмди өнүктүрсөк, кен байлыктарды иштетсек, көмүскө экономиканы ачыкка чыгарсак ж.б. каражат булактары толтура.

– Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыгы ушул жумада чыгарын айтышкан эле. Анда кандай жаңы жагдайлар ачыкталышы мүмкүн? 

– Кой-Таш окуясынан бери ИИМ, УКМК башчыларынын отставкасын талап кылгандар көбөйдү. Окуяны баштан-аяк калыс иликтөө үчүн мамлекеттик комиссия түзүлгөн. Дээрлик үч айга жакын иш алып барышты, «Жыйынтык чыкты, жакында парламентке алынып келет» деп жатышкан. Биз да күтүп жатабыз. Жыйынтыкка жараша укук коргоо органдарынын жетекчилерине, алардын ишине баа берилет.

– Кийинки шайлоого даярданып атасызбы?

– Шайлоого эч шашкан жокмун. Убакыт бар го. Буюрса, жыл аяктай берсинчи, көрөбүз. Мен өзүм Базар-Коргондон шайланып келгем. Жыл сайын элиме барып, депутат катары, алардын өкүлү катары отчет берем. Кандай мыйзамдарга демилгечи болдум, социалдык кайсы маселелерди көтөрдүм жана чечтим – баарын элге айтам. Эл ишиме баа берет.

– «Тизмелер түзүлүп бүтүп калыптыр» дешет. Партиялардан чакыруулар, сунуштар болдубу?

– Мен азыр «Кыргызстан» фракциясынын депутатымын. Ушул партиянын катарында келгем. Азырынча депутаттык ишибизди али толук аягына чыгара элекпиз. Балким, соодалашып, тизмелерге кирип, «арыгын чаап» жүрүшкөндөр бардыр. Мага азырынча эч кандай сунуштар да, чакыруулар да боло элек.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: