Menu

Мирлан Каниметов, ИИМ министринин орун басары: “Хусан Каримов менен Айэркен Саймаитинин байланышы болгон эмес”

Бөлүшүү:

«Манас» аэропорту жактагы машина токтотуучу жайдагы машинанын багажынан сөөгү табылган Хусан Каримов менен Стамбулда киши колдуу болгон ишкер Айэркен Саймаити менен байланышы болгон эмес. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов басма сөз жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Хусан Каримов акча ташып иштечү. Алынган акчанын жалпы суммасы 100 миң доллардан ашыгын түзгөн. Бул акчанын баары мыйзамсыз ташылганы такталганы менен ага ким акча бергендиги аныктала элек. Анын Стамбулда өлтүрүлгөн ишкер Айэркен Саймаити менен байланышы болгон эмес.

Эске сала кетсек, 22-октябрда 39 жаштагы Хусан Каримов аттуу таксист “Honda Accord” үлгүсүндөгү машинасы менен үйүнөн чыгып кетип, кайра кайтып барган эмес. Өлтүрүлгөн күнү анын жанында ири суммадагы акча болгон. 23-октябрда Комсомол айылынын тургуну милицияга кайрылып, бир тууганы жоголуп кеткенин билдирген. Милиция кызматкерлери дайынсыз жоголгон таксистти издөөгө алып, “Манас” аэропортунун жериндеги машина токтотуучу жайдагы машинанын багажынан жансыз денесин табышкан. Анын өлүмүнө шектелип 31-октябрда бирөө кармалган. 3-ноябрда дагы бир шектүү кармалганы айтылган.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 + = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: