Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев 2018-жылы 826 миң 461 сом тапкан. Бул тууралуу Бирдиктүү салык декларациясында айтылат. Андан башка кошумча кирешеси жок. Кыймылсыз мүлкү да жок. 52 жылкысы, 22 ийри мүйүздүү бодо малы, 524 кою бар.
Жакын туугандарында бизнеси жок, малы да жок. Аларга бир үй жана автоунаа токтотуучу эки жай катталган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ