Menu

Депутат Дүйшөн Төрөкулов Айэркен Саймаити менен каерде жолукканын айтты

Бөлүшүү:

Стамбулда киши колдуу болуп каза болгон ишкер Айэркен Саймаитинин Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкулов менен түшкөн сүрөтү 18-ноябрда социалдык тармактарга жарыяланган. Ал боюнча бүгүн, 21-ноябрда «Азаттыкка» айтып бериптир.

Анын айтымында, ал Саймаити менен 15 жылдан бери тааныш болгону менен ишкерлик байланышы болгон эмес, жеке гана мамиледе болгон. Аны менен Түркияда жолуккан.

Эске сала кетсек, эл аралык издөөдө жүргөн жеке ишкер Айэркен Саймаитини 10-ноябрда Стамбулдагы отелдин багында отурган жеринен атып кетишкен. Каза болгон жеринде анын Range Rover үлгүсүндөгү машинасы табылып, 34 CC 2092 номуру Кыргызстандын Стамбулдагы Генконсулдугуна катталганы маалымдалган. Бул окуяга Кыргызстандын Стамбул шаарындагы мурунку башкы консулу Эркин Сопоковдун да аты аталган. Бирок ал журналисттердин суроосунан качып, жооп берүүдөн баш тартып келген. Ал ээлеген кызматынан президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен бошотулган. Анын кызматтан алынышы боюнча Тышкы иштер министрлиги  расмий маалымат тараткан.

12-ноябрда Айэркен Саймаитини өлтүрүүгө шектелип үч киши кармалып, экөө Кыргызстандык экенин Түркиянын ММКлары жазып чыккан. Ага жооп кылып, биздин Тышкы иштер министрлиги  13-ноябрда “Саймаитини өлтүрдү» деген шек менен кармалгандардын үчөөнүн экөө Кыргызстандык” деген маалымат туура келбесин, алар оозеки гана айтканын, алардын жанында документ жок экенин билдирген.

13-ноябрда Жогорку Кенештин сессиясында бул маселени айрым депутаттар көтөрүп чыккан. Муну менен катар кечээ Мамкаттоо “Кыргызстандыкмын” деген эки шектүү боюнча маалымат берүүдөн баш тартып коюшкан. Эртеси, 14-ноябрда, Мамлекеттик каттоо кызматы: “А.Саймаитинин өлүмүнө шектелип кармалган Хусеин Ахметалиев менен Абдулла Энвер Кыргызстандын жарандары эмес жана аларга паспорт берилген эмес” деген расмий маалымат тараткан.

14-ноябрда Түркиянын “Сабах” аттуу  гезити шектелип жаткандар Айэркенди 1 млн 250 миң доллар карызы үчүн өлтүрүлгөндүгүн жазып чыкты.

14-ноябрда ТИМдин басма сөз кызматы Стамбул шаарындагы мурдагы консул Эркин Сопоковдун ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн жумушчу топ түзүлгөнүн билдирген.

16-ноябрда Саймаитинин өлүмүнө шектелип төртүнчү шектүү кармалганы маалымдалган.

18-ноябда А.Саймаитинин ЖК депутаты Дүйшөн Төрөкулов менен түшкөн сүрөтү социалдык тармактарга жарыяланган, бул боюнча үн ката элек. Ошондой эле  ЖК депутаттары Төрөбай Зулпукаров менен Алтынбек Сулаймановдун да Саймаити менен мамилеси жакшы болгону жазылып, айтылып келет. Ал боюнча Сулайманов бүгүн, 21-ноябрда парламентте айтып, анын өлүмүн иликтөө боюнча комиссия түзүүнү сунуштады.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 + = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: