Бүгүн, 21-ноябрда, парламентте депутаттар Аксыдагы кыздардын мушташындагы мугалимдердин кызматтан кетиши боюнча ой-пикирлерин ортого салып, талкуулашты. Ал маселени алгач депутат Рада Туманбаева көтөрүп чыгып, кырк жылдык стажы бар мугалимдердин кызматынан алынып калышына нааразы болгон. Анын сөзүн кубаттап, улаган вице-спикер Мирлан Бакиров мугалимдерди кызматтан алып коюу менен маселе чечилип калбасын айтты. Өзгөчө кыздардын мушташканы коомчулукка коңгуроо экендигин баса белгиледи.
Эске сала кетсек, Жалал-Абад облусундагы Аксы районундагы мектептеги массалык мушташы тартылган видео социалдык тармактарга 18-ноябрда тараган. 20-ноябрда милиция тарабынан ал жер – Жаңы-Жол айылындагы Жоробек Мамытбеков атындагы № 10 мектептеги 10-11-класстын окуучулары экени аныкталып, урушту баштаган кыздардын анабашын издеп жатканы маалым болгон. Ушул эле күнү мектепте чоң чогулуш болуп, бир катар мугалимдер кызматынан алынганы маалым болгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ