Menu

Күйөөсүн арматура менен уруп өлтүргөн келин кармалды

Бөлүшүү:

Бул тууралуу Ош шаарынын ИИБиси 21-ноябрда билдирди. Маалыматка ылайык, 1991-жылы туулган П.Г. атуу келинди боз үйдө күйөөсүнө кошок кошуп жаткан жеринен милиция кызматкерлери кармап кетишкен.

Сурак чурунда келин күйөөсүн бир нече ирет башка раматура менен урганын айткан. 19-ноябрда күйөөсү түнкү 23:00дө үйгө келип, бутун чечип жатканда экөө уруша кетип, келин үч жолу арматура менен башка урган экен. Кошуна келин тез жардам чакырган. Натыйжада күйөөсү эсине келбей, ооруканадан жан берген. Аялы коңшу келинге “ушундай абалда келди” деп койгон. Өлгөн бечара коомдук транспорттун айдоочусу болуп иштеген. Артында 3 баласы калды. Далил катары 97 сантиметрлик, диаметри 12 мм арматура алынды. Тергөө амалдары жүрүүдө.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 − = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: