Menu

Шухрат Сабиров, Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору: “Баалар кескин өсчү болсо, тиешелүү чараларды көрөбүз”

Бөлүшүү:

– Шухрат Маматалиевич, акыркы кездерде товарлардын кээ бир түрлөрүнө баалар өскөнү байкалууда. Мунун себеби эмнеден?

– Товарлардын баасы сезонго, инфляцияга жараша кээде кымбаттап, кээде арзандап турат. Биз базар экономикасынын шартында жашап жатабыз да. Акыркы кездерде көмүрдүн баасы бир аз кымбаттады. Мунун себеби, кар жаап, көмүр ташыган унаалардын чыгымдары көбөйдү. Ундун баасы да бир аз өстү. Анткени, бизде өндүрүлгөн буудайдын көлөмү өзүбүздү толук камсыздаганга жетишсиз. Жетпеген бөлүгүн Казакстандан алабыз.

Казакстандын өзүндө болсо быйыл түшүм азыраак жыйналып, акыркы айларда буудайдын, нандын баасы жогорулады. Бизге да ошонун таасири тийүүдө. Мындан тышкары, картошканын, эттин баасы өткөн жылдагыга караганда бир аз кымбат болууда. Биздин дыйкандар өздөрүнүн чыгымдарын эсептеп, ушундай бааларды коюп жатышса керек. Базарда товардын көлөмү көбөйсө, албетте, баалар арзандай баштайт. Эгер бир айдын ичинде баалар 20 пайыздан жогорулап кетсе, ошол учурда мамлекеттик жөнгө салуу ыкмасы колдонулат.

– Анда сиздер азырынча кийлигишпейт турбайсыздарбы?

– Ооба, кийлигишпейбиз. Бирок, күнүмдүк мониторингди жүргүзүп жатабыз. Баалар кескин өсчү болсо, тийешелүү чараларды көрөбүз

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: