Menu

Ипотека компаниясынын жетекчиси Элмира Абжапарова айына 111 миң сом айлык алабы?

Бөлүшүү:

Кандайдыр бир жакшы ниет менен башталган иштер ошол жерге барган алсыз анан өзүмчүл жетекчинин айынан аксап калары айдан ачык. Мындай жетекчилердин айынан канчалаган адамдар түзүлгөн мүмкүнчүлүккө колун жеткире албай баштарын мыкчып кала беришет. Дегеним, Мамлекеттик ипотекалык компанияны жакшы ниет, жакшы тилек менен түзүштү эле. Үй-жайсыз батирлеп жүргөн жарандарыбыздын көйгөйүн чечүү максатында. Ооба, максаттар абдан жакшы эле. Коомчулук да муну кош колдоп кубатташкан. Кыялдар канатчан аргымактарга мине далай адамдар үйлүү да болуу бактысы алыс эмес деп жатышкан. Бирок, аталган компания жалаң гана пиар менен алектенип, жарытылуу иш жасай албай келгени жашыруун эмес. Жетекчиси Элмира Абжапарова иш кылбай эле олчойгон айлыкты алып олтурат. Дегенибиз, бир учурда ипотекалык компанияны жетектеген Бактыбек Шамыкеев айына 107 миң сом айлык аларын, дагы бир аз кошумчасы бар экенин жашырган эмес. Ушунча айлык алат бекен деп таң калбаңыздар, муну ал өз оозу менен айткан. Дээрлик 10 мугалимдин айлыгын бир алган Абжапарова иштебейби же кетпейби?! Же биз эмне жөн гана жомоктуу идеяларды долбоорлоштуруп коюп, жетекчилерди эле багып жата беребизби? Айтмакчы, Элмира Абжапарованы «Ата Мекен» фракциясы Жогорку Кеңешке бүгүн чакырып такалап атат, жыйынтык чыгабы же оозун куу чөп менен аарчыган Элмира айым ишин уланта береби?

Булак: “Де-факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 + = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: