Кыргызстандын Индиядагы элчилиги “CD Foundation” коомдук фонду менен биргеликте Кыргызстандын туристтик потенциалы жөнүндө интерактивдүү конференция уюштурушту. Бул тууралуу 21-ноябрда элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарага өнөр жай-соода палатасынын мүчөлөрү авиакомпаниялардын, мейманкана, курулуш жана туристтик тармактардын өкүлдөрү кирген кыргыз делегациясы катышты. Ал эми Индия тараптан элүүдөн ашык индиялык туркомпаниялардын, туристтикжурналдардын, ММКлардын жана кино тармагынын өкүлдөрү келишти. Конференцияда Кыргызстанда болгон белгилүү индиялык жарандар сөз сүйлөштү.
Индиядагы элчибиз Асеин Исаев эки өлкөнүн географиялык, тарыхый жакындыгын белгилеп, туризм тармагында кызматташууга ири мүмкүнчүлүктөр бар экенин айтты. Индиянын туркомпаниялары Кыргызстанга аябай кызыгып, ушул жылдын декабрында биздин өлкөгө келип-кетмей болушту.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ