Menu

Өлкөдө 2023-жылдын аягына чейин таза суу маселеси чечилет

Бөлүшүү:

Президент Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдагы шайлоонун үгүт учурунда Кыргызстандын аймагын 100% таза суу менен камсыз кылууга убада кылып, президенттик мөөнөтү бүткүчө аткарарын айтканы бар. Ал учурда кызуу ишке ашууда. Кыргызстанда айыл жергесиндеги калктын 65% таза суу менен камсыз болгонун, ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды суу тармактарын өнүктүрүү департаментинин директорунун м.а. Сайпидин Момунов маалымат жыйында билдирди. Ал; «Таза суу болсо, ден соолук болот. Президентибиз Сооронбай Шариповичтин айтканы менен «Таза суу» долбоору түзүлүп, четийен ишке ашып келатат. Эл аралык донорлордун жардамы менен дагы кошумча каражат табылып, таза сууга муктаж болгон бардык айылдарга бөлүштүрүлүүдө. Бүгункү күндө 69 айылга таза суу берилди. 584 айыл таза сууга муктаж. Бул маселе 2023-жылга чейин толук чечилет деп пландап жатабыз. Себеби, калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча өкмөттүн улуттук стратегиясы бар. Таза суу тармагын өнүктүрүү боюнча иш планда-ры 2026-жылга чейин бекитилген. Бирок, президентибиз бул маселени 2023-жылга чейин бүтүрүүнү тапшырган. Кудай буйруса, 2023-жылга чейин бүтүрөбүз. 2018-жылдын эсеби менен ич үүчү суу 69 айылга киргизилди. Бул жылы бюджеттен 500 миллион сом бөлүнгөн, анын 300 миллиону жумшалды. Каражаттын калган бөлүгү которулса, ушул жылдын аягына чейин дагы 44 кыштак таза суу менен камсыз болот» деди.

Ошону менен бирге Сайпидин Момунов 653 айылда таза султа муктаждык бар экенин билдирип, аны чечүү үчүн аракеттер жасалып жатканын, 2017-2018 жылдары 69 айыл таза суу менен камсыздалганын, 2019-жылы 22 айылда суу тосмолорун курууга бюджеттен 350 миллион сом каралганын, калкты таза суу менен камсыз кылуу программасын каржылоо максатында донорлорду тартуу иштери жүрүп жатканын айтты. Андан соң донорлорду катары менен санап, Дүйнөлүк банк жакында 71,2 млн доллар бөлөрүн, аталган каражатка Ош жана Ысык-Көл облустарындагы 117 айылга таза суу менен камсыз кылуу системасы куруларын, Ислам өнүктүрүү банкы бөлгөн 23 млн долларга Жалал-Абад облусундагы 24 айылга, Кытай мамлекети убада кылган 100 млн долларга Жалал-Абаддын 105 айылына таза суу менен камсыз кылуу системасы куруларын, Сауд өнүктүрүү банкы бөлгөн 50 млн долларга мамлекеттик бюджеттен бөлунгөн 10 млн доллар кошулуп, ага Баткен, Талас облустарындагы 110 айылга таза суу системасы киргизилерин, андан сырткары, Азия өнүктүрүү банкы Нарын областындагы 31 айылды суу менен камсыз кылуу системасын курууга 32,9 млн доллар бөлөрүн айтты. Ошондой эле, 2019-жылы 22 айылда суу тосмолорун курууга бюджеттен 350 млн сом каралганын, акыркы үч жылда 101 айылга таза суу жеткирилгенин, учурда 207 айылда таза суу менен камсыз кылуу системаларын куруу иштери жүрүп жатканын кошумчалады. Кыскасы, 2023-жылы айылдардын бардыгы таза суу менен камсыз болорун белгиледи.

Булак: “Де-факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 − 19 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: