Menu

Региондогу жагымдуу экосистеманы түзүүгө багытталган долбоорлор талкууланды

Бөлүшүү:

Кечээ, 21-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков ENGIE Group алдыңкы француз энергетикалык жана газ компаниясынын штаб-квартирасына барып, ENGIE Group компаниясына кирген Tractebel Engineering инжиниринг консалтинг компаниясынын Башкы директору Сами Бенудиз менен жолугушту. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Компания Кыргыз Республикасы менен кызматташууга олуттуу маани берээрин белгилеген С.Бенудиз, компания Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо долбоорун даярдоого катышып жатканын кабарлады, атап айтканда, курчап турган жана социалдык чөйрөгө тийгизүүчү таасирине комплекстүү баа берүүнү өткөрүү, Азия өнүктүрүү банкы үчүн инженердик компания катары контракт боюнча сүйлөшүүлөргө жардам берүү ишине катышуу; ошондой эле Токтогул ГЭСин реабилитациялоого катышууда – куруу этабына чейинки даярдоо иштеринин фазасын өткөрүү: техникалык изилдөөлөр жана иштердин аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, анын ичинде, тендердик документтерди даярдоо жана карап чыгуу.

Кыргыз тарабы гидроэнергетика чөйрөсүнө инвестицияларды тартууга, жаңы жумушчу орундарды түзүүгө, эл аралык деңгээлдеги адистерди даярдоого кызыкдарлыгын билдирди. Ч.Айдарбеков мындай кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, региондогу кыйла жагымдуу экосистеманы түзүүгө багытталган жаңы долбоорлор жөнүндө маалымдады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 − = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: