Мектептеги кичинекей коррупциянын бетин ачып, Интернетте жылдыз болгон кичинекей кызыбыздын аты-жөнү – Дүрдана Сарлыкова. Ал он жашта, 5-класста окуйт. Беш бир туугандын экинчиси, улуу агасы, үч бөбөгү бар. Ата-энеси ажырашып кеткен, агасы атасы менен жашайт. Апасы менен Бишкекке келгендерине эки жыл болгон, апасы тигүүчү цехте иштейт.
Дүрдана журналисттерге эмнеге ыйлап жибергенин айтып бериптир. Анын айтымында, ал депутаттар аны шылдыңдап жатат деп кабыл алган, кийин андай эместигин түшүнгөн. Ушундай акылдуу кызыбыздын жашоо-шарты начардыгын, жардамга муктаждыгын көрүп зээн кейиди.
Дүрдананын жашоо-шартын төмөндөгү видеодон көрүңүз:
https://www.facebook.com/kyrgyztoday/videos/418780665743040/?t=63
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ