Menu

Москвадан кыргыз таксистти орус бизнесмени газ тапанча менен аткан

Бөлүшүү:

Бул тууралуу 22-ноябрда Москва шаары боюнча ИИМдин башкы башкармалыгына шилтеме жасап, Life.Ru сайты жазып чыкты.

“Китай-город” районунун күзөт бөлүмүнө кыргызстандык жаран кайрылган. Анын айтымында, 20-ноябрда саатт 17:00дө “Форд Фокус” автоунаасы менен Four Seasons мейманканасын айланып өтүп, автотыгынга кабылган.

“Ошол маалда менин машинеме белгисиз киши басып келип, “Жол бошот!” деп ызы-чуу сала баштады. Мен тыгын болуп жатканын көрсөтүп, бир карыш жыла албай турганымды айтсам эле тапанчасы көтөрүп чыкты”, – дейт кыргыз таксист.

Ал белгисиз киши 33 жаштагы Илья Сачков болуп чыкты – Group-IB компьютердик коопсуздук боюнча компаниянын ээси экен. Ал газ менен аткан тапанчасын алып чыгып, таксистти атканда, уулу заттар көзүнө, кийимине, колуна тийген. Дагы бир таксист жардамга келгенде, ага да тапанчадан газ чыгарган.

Полиция кызматкерлери шектүү кишини колго түшүрүп, бөлүмгө жеткиришкен. Териштирүү амалдары жүрүп жатат.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: