Кыргызстандын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова баланын укугу жөнүндө БУУнун конвенциясынын кабыл алынышынын 30 жылдыгына арналган “Балдар бийликте” деген акцияга катышып жатат.
22-ноябрда бул акциянын алкагында Бишкектин №73 орто мектептин 10-классынын окуучусу Эмир Айдыралиев бир саатка вице-премьер болуп, өсүпүрүмдөрдүн өз жанын кыйып жатканы жана мектеп рэкети боюнча өкмөт жыйынын өткөрдү. Эмир көпчүлүк учурда өспүрүмгө карата ата-энелер менен мугалимдер тарабынан жакшы көңүл бурулбай жатканына токтолду. Ошентип өспүрүмдөргө акыл айтуу боюнча механизмдерди киргизүүнү сунуш кылды.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ