Menu

Өз үйүндөгү өрттөн өмүрү кыйылган 89 жаштагы чалынын акыркы мүнөттөрүн кемпири айтып берди 

Бөлүшүү:

Бүгүн, 22-ноябрда өрттөн каза болгон 89 жаштагы чалдын сөөгү жерге берилди. Бул тууралуу жергиликтүү кабарчылар жазып чыкты.

Алардын айтымында, маркум У. Петр Москва районундагы Беловодск айылындагы Комсомол көчөсүндө 82 жаштагы кемпири Мария экөө жашачу. Ал өз ажалынан эмес, өз үйүнөн чыккан өрттөн каза болгон. Аялынын айтымында, чалы экөө бир короодогу эки үйдө: кемпир чоң үйдө, чал кичинекей үйдө жашаган. 21-ноябрда таңкы 07:15те кемпири сыртка чыгып, чалынын үйүн караса, электр жарыгы жок. Чуркап барып, эшигин ачса, үйдүн ичи түтүнгө толуп, күйүк жыттанып калган. Чалынын атынан чакырса, жооп жок, ошондо анын каза болуп калганын түшүнүп, кошунасына чуркап кетет, аны менен келатканда үй алоолонуп күйүп жатканын көрөт. Дароо РИИБге чалат, алар ӨКМга кабарлайт. Алар дароо жетип келгени менен өрттөнұп кеткен чалдын жансыз денесин алып чыгышат.

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери иликтенүүдө. Ал эми кошуналарынын айтымында, электр жылыткычтан өрт чыгышы ыктымал. Алардын божомолунда, жылыткыч полго жыгылып, линолеум аркылуу төшөк, жыгачтарга жармашкан.

Эске сала кетсек, бүгүн эртең менен ӨКМ 89 жаштагы адам өз үйүнөн чыккан өрттөн каза болгонун кабарлаган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 − = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: