Menu

30 млн рубль акча менен Кыргызстанга келаткан баланы тапанча менен атып кетишти

Бөлүшүү:

Орусиянын Екатеринбург шаарында чемодан көтөргөн балага белгисиз бирөөлөр  кол салды. Бул тууралуу «Новый день» маалымат агенттиги жазып чыкты.

Алардын билдирүүсүнө караганда, окуя кечээ, 21-ноябрда кечинде «Кольцова» аэропортунан алыс эмес жайгашкан «Анжело» мейманканасынын жанында болгон. Белгисиз үч бала 22 жаштагы жигитке кол салып, аны травматикалык тапанча менен атып, чемоданын алып, качып кетишкен. Жабырлануучу жеңил жаракат менен ооруканага жеткирилген. Учурда Екатеринбург менен Свердлов полиция кызматкерлери тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Алдын ала маалыматтарга караганда, чемодандын ичинде Кыргызстанга жеткириле турган 30 млн рубль акча болгон. Жабырлануучу курьер, ал 21-ноябрда, саат 23:00дө Кыргызстанга учуп келмек.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: