Menu

Искендер Матраимов Саймаитинин өлүмүн иликтеген депутаттык комиссиядан эмнеге чыкканын билдирди

Бөлүшүү:

Депутат Искендер Матраимов Айэркен Саймаитинин өлүмүнө алардын үй-бүлөсүнүн аты аталып жаткандыктан, аны иликтеген депутаттык комиссиядан чыкканын бүгүн, 22-ноябрда билдирди. Тагыраагы, “Фейсбуктагы” баракчасына пост калтырды.

Анда ал: “Ырас, биздин үй-бүлө тууралуу сөз болуп жаткандан кийин түзүлгөн комиссияга мүчө болуп кирүүдөн баш тартууну туура көрдүм. Коомчулук бүдөмүк суроолорго ачык-айкын жана бейтарап жооп алышы үчүн комиссия курамы да окуяда ысымдары аталбаган адамдардан түзүлүшү керек деп эсептейм”,-деп жазган.

Буга чейин депутат Алмамбет Шыкмаматов депутаттык комиссиядан Искенден Матраимовду чыгып кетишин талап кылам деп жар салган.

Ошондой эле депутат И.Матраимов  буга чейин «Азаттык» радиосуна нааразы болгонун журналисттерге айтып берген.

Анын айтымында, “Азаттык” алдамчылык жана мыйзамсыз иштер менен алектенген Айэркен Саймаитинин сөзүнө таянган жана ишенген. “Анонимдүү кишилердин маалыматын ишенимдүү булак деп жарыялоонун өзү туура эмес. Оор кылмышка шектелген алдамчы адамдын маалыматтары менен бизди каралоо максаттуу жүрүп жатат“, — дейт депутат Матраимов.

Эске сала кетсек, “Азаттык” менен Kloopтун журналисттери жасаган иликтөөдө Айэркен Саймаитинин ишмердүүлүгү, анын бир тууган Матраимовдор менен байланышы, бажыдагы коррупциялык схемалар жана ири суммадагы акчанын Кыргызстандан чыгарылышы айтылган. Журналисттер Саймаитинин өзү менен байланышып, негизги окуяларды өз оозунан угушканын билдирген.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: