Menu

Алексей Елисеевдин активдери аныкталып, мамлекеттин пайдасына которулду

Бөлүшүү:

КРнын УКМК алдындагы антикоррупциялык кызматы (АКК) мыйзамсыз ээ болгон мүлктөрдү издөө жана кайтаруу иш-чараларынын негизинде КРнын өнүгүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттиктин башчысынын мурдагы орун басары А.Елисеевдин банкрот болгон “Кристалл” ААКсындагы активдерин аныктады.

Аныкталгандай, Экономика министрлигинин банкроттук иштер боюнча департаментинин жетекчилери “Кристалл” АККсын атайын администрлөө мезгилинде мамлекеттин кызыкчылыгына каршы чыгып, А.Елисеевге карата мүлкүн алып койгон соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенин билип туруп эле, анын пайдасына 120 млн сомду чыгарып берүүгө далалат кылышкан.

Ошентип, атайын администрлөө мезгилинде ААКнын мүлк комплекси менен активдери ачык соода жолу менен сатылып, кредитордук карызы жабылгандан кийин, компаниянын депозиттик эсебинде 120 млн сом калган. Бул сумма банкроттук мыйзамдарына ылайык, А.Елисеевге тиешеси бар компаниянын жалгыз ээсине которууга аракет көрүшкөн. Ушуга байланыштуу А.Елисеевге акча каражаттарын чыгарып кетүүгө мүмкүнчүлүк берилбей, Кылмыш кодексинин кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу (320-бер.2-бөл.) беренесинин кылмыш белгилери менен Кылмыштардын бирдиктүү реестрине киргизилди. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун өкүмү аткарылышы үчүн УКМКнын депозиттик эсебинен аталган сумманын 67 млн сому которулду, ошол эле учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында өткөрүлүп жаткан аудиттин жыйынтыгы боюнча калган сумманы да кайтаруу каралып жатат. Азыр тергөө амалдары уланууда.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 + = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: