Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облусундагы иш сапарынын алкагында Турдакун Усубалиевдин музейинин жана эстелигинин курулушуна капсула салды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Мухаммедкалый Абылгазиев Кочкор районундагы Кочкор айылына курула турган музей жана эстеликтин эскизи менен таанышты.
Андан соң Өкмөт башчы «Чолпон» кинотеатрында жүргүзүлүп жаткан оңдоп-түздөө иштерин көрүп, бул объекттеги бардык ремонт иштери өз учурунда жана сапатуу бүтүүсүн камсыз кылууну тапшырды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ