Menu

Кыргыз-Түрк бизнес-форумунун алкагында инвестицияларды тартуу жөнүндө 6 меморандумга кол коюлду

Бөлүшүү:

Стамбул шаарында Соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 9-жыйынынын алкагында Кыргыз-Түрк бизнес-форуму өттү. Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасына инвестицияларды тартуу жана Кыргыз Республикасы менен Түркиянын ортосунда соода-экономикалык мамилелерди кеңейтүү жөнүндө 6 меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Бизнес-форумдун ишине Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов жана Түркия Республикасынын  вице-президенти Фуата Октая катышты.

300дөн ашуун ишкерлер катышкан иш-чара Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттиги жана Түркиянын Соода палаталарынын жана товардык биржаларынын биримдиги тарабынан DEIK жана Түркиянын Экспортчулар ассоциациясы менен биргеликте уюштурулган.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов  өз сөзүндө Форумдун катышуучуларына Кыргыз Республикасынын инвестициялык дарамети тууралуу айтып берип, түрк ишкерлерин Кыргыз Республикасында ишке ашырылып жаткан инвестициялык долбоорлорго активдүү катышууга чакырды.

Мындан тышкары түрк бизнесмендери «Кыргыз Республикасынын инвестициялык картасы» маалыматтык тутуму менен таанышып чыгышты. Анда республиканын облустарынын жана райондорунун экономикалык көрсөткүчтөрү камтылып, инвестициялык долбоорлор жана инфраструктура объекттери жана жаратылыш ресурстары менен жер тилкелери көрсөтүлгөн.

Форумдун жүрүшүндө эки жактуу ишкердик жолугушуулар өтүп, анын катышуучулары гидроэнергетика, технопарктарды куруу, айыл чарба продукцияларын жана кайра иштетүү өнөр жай товарларын экспорттоо, башкаруунун жаңы ыкмаларын жана өндүрүштүк технологияларды киргизүү, потенциалдуу инвесторлорду издөө, инвестицияларды тартуу жана кооперацияларды өнүктүрүү сыяктуу ар кыл багыттарда кызматташууну талкуулашты.

Белгилей кетсек, Түркия Республикасынын бизнес чөйрөлөрүнүн кызыкчылыктарын эске алганда, бул аянтча Кыргыз Республикасынын экспорттук мүмкүндүктөрүн кеңейтүү, тажрыйба алмашуу жана эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда алакаларды кеңейтүү, экономиканын түрдүү тармактарында эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө жана өнүктүрүү үчүн платформа катары кызмат өтөдү.

Иш-чаранын соңунда кызматташуу жана инвестициялык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу жөнүндө 6 Меморандумга кол коюлду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 − 79 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: