Menu

Донорлор өнүгүүнү колдоого даяр

Бөлүшүү:

Президент Сооронбай Жээнбеков 19-ноябрда, Бишкек шаарында «Туруктуу өнүгүү үчүн реформаларды тездетүү» жогорку деңгээлдеги донордук форумуна катышты. Форумга Дүйнөлүк банк, БУУ агенттиктери, Азия өнүктүрүү банкы, Эл аралык валюта фонду, Европа Биримдиги, Европа реконструкциялоо жана өнүгүү банкы, Евразия өнүктүрүү банкы, Ислам өнүктүрүү банкы, ЕККУ Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду, ОПЕК эл аралык өнүктүрүу фонду, Эл аралык кызматташуу боюнча Германиялык коом (GIZ), JIСА, USAID, Сорос фонду, Түрк кызматташуу жана координациялоо боюнча агенттиги (ТИКА) Сауд өнүктүрүү фонду, Ага-Хан өнүктүрүү тармагы, Эл аралык
электр байланыш биримдиги ж. б. уюмдардын, түзүмдөрдүн жетекчилери жана өкүлдөрү болду. Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын ички ресурстары кеңири экенин, бирок өнөктөштөрдүн да колдоосун күтөөрүн белгиледи. Өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик саясаттын негизги багыттары тууралуу кеңири айтып берди. Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Болормаа Амгаабазар, БУУнун башкы катчысынын Орто Азиядагы атайын өкүлү Наталья Герман, ЕБдин Борбор Азия боюнча атайы өкүлү Петер Буриан, Дүйнөлүк банктын Европа жана Азиядагы стратегия жана операциялар боюнча директору Мариам Шерман, USAID Вашингтондун Борбор Азия боюнча өкүлү Хавьер Пьедра Кыргызстандын Президенти баштаган демилгелерди колдошуп, өлкөдө реформаларды киргизүүдөгү алгылыктуу динамиканы белгилешти жана биргелешкен социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга мындан ары да колдоо көрсөтүүгө даярдыктарын билдиришти.

Булак:”Де-факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: