Menu

Той-ашка чектөө киргизүү боюнча сунуш-долбоор коомчулуктун талкуусунда…

Бөлүшүү:

Күз келгенде кыргыздар тапкан-ташыганыбыздын баарын тойго жумшайбыз. Кымбат турган ресторан-кафелерге дүңгүрөтө той өткөрүүнү салт сыяктуу кабыл алып алдык. Илгери «түлөө өткөрүү», «бата алуу» деген нерселер азыр «Ала-Тоодой эт, Ала-Көлдөй чык тартылган» тойго алмаштырылган. Анан калса колунда бары деле, жогу деле атаандашып той өткөрүп жаткан учур жок эмес. «Мен эмне тигиден кемминби?» деген логика менен карызга белчесинен батып, насыя алууга кептелген замандаштарыбыз да арбын. Мындан улам Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы той-ашка чектөө киргизүү мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарышты. Сөзсүз эле ушул сунуш өтүш керек деп таңуулагандан алыспыз, болгону окуп чыгып коомдон да сунуш-пикирлерди кошуу менен той-аш өткөрүүнүн жаңыча бир жобосу иштелсе деген үмүт. Биз төмөндө Дүйшөн Абдылдаев тарабынан жазылып сунуштаган долбоорду гезит бетине жарыялоону эп көрдүк.

Урматтуу эл-журт! Төмөндөгү той-аш боюнча сунуш-долбоорду коомчулукка сунуштадык. Окуп чыгып талкууга катышып, ой-пикир, сунуштарыңызды билдирүүнү көптөн-көп өтүнөбүз! Сиздин, ошондой эле жалпы коомчулуктун пикири биз үчүн өтө маанилүу.

Аш-тойлордогу ысырапчылыктарды чектөө боюнча мыйзам долбоору:

1-БАП

Кыргыз Республикасынын жарандарынын той берүүсү жөнүндө:

1-берене:

Кыргыз Республикасынын жарандары кайсы динди туткан же тутпагандыгына карабастан аш-тойлорду өткөрүүгө акысы бар.

2- берене:

Ошондой эле аш-тойлорду өткөрүүгө эч ким мажбурлабайт. Ошондой эле той-ашты өткөрүүдө кандайдыр бир чектөө киргизүү мезгил талабы болуп турат.

3- берене:

Үй ээси болгон эркек адам каза болгон учурда, анын артында мектеп жашындагы балдары калган болсо, балдар чоңоюп, каражат тапканга чейин ал үй-бүлө мүчөлөрүнүн куран окутуп аш берүүсү милдеттүү эмес. Мүмкүнчүлүк болсо ашты убагында берип, болбосо шарты келгенде берсе болот.

4-берене:

Мамлекеттик эң жогорку бийлик бутактарынын башчылары. Тактап айтканда министрликтерде, ведомстволордо, органдарда, мекеме, уюмдарда, окуу жайларда, ишканаларда, айыл өкмөттөрүндө жана башка жамааттарда жетекчи болуп иштеген, болбосо жетекчинин орун басары, жардамчысы, бөлүм башчысы кызматтарын ээлеген жетекчилердин той-аш берүүсүн тыкыр көзөмөлгө алуу. Ошондой эле кызматтагы адамдардын каза болгон өз жакындарына арнап аш берген учурда же кандайдыр бир жакшылыктын аркасы менен той берген учурда ошол тойго же ашка шылтоолоп кол алдында иштегендерден каражат топтоого жол берилбеш керек. Ошондой эле башка жактарда иштеген кызматкерлерден, жумушчулардан, алардын өз ыктыяры менен берген, же берүүгө мажбур кылынгандыктан берген, акча, мал-мүлктөрун өзү алуусуна же андай чогултууну кимдир бирөөлөргө тапшырып акча, мал-мүлк жыйнап алуусуна
тыюу салынат.

Мындайга жол берген жетекчилер жоопко тартылат: Кызматтан алынып, атайын белгилеген өлчөмдө каржылык айып тартат жана мыйзамда каралган мөөнөткө чейин жазага тартуу каралат.

5- берене:

Эгер аш же той берип жаткан жетекчинин атасы же энеси тарабынан жакын туугандары же бир тууган кудасы тарабынан акча, мал-мүлк берилсе, аларды алуу же албоо жетекчинин өз ыктыяры болуп саналат.

6- берене:

Эгер жетекчинин алдында иштеген катардагы кызматкерлер же жумушчулар аш же той берсе, жетекчилер жеке өз каражатынан аларга материалдык жардам же белек берүүсү үлгүлүү жакшы иш болуп саналат.

7- берене:

Жарандардын түркөйлүк, куру намыс, мактанчаактык өңдүү себептерден улам же эч кандай себепсиз эле, финансылык тобокелчиликке барып, насыя алып, той же аш берүүсүнө жол берилбейт. Эгер жарандар мындай аракеттерди кылары алдын ала белгилүу болсо, жергиликтүү бийлик тарабынан токтотулуусу, ошондой эле башка жарандарды да андай иштен кайтаруу үчүн алдын ала түшүндүрүү, эскертүү иштери жүргүзүүлүүгө тийиш.

8-берене:

Той берип жаткан жаран эгер колунда бар инсан болуп, тоюна карата улак тартыш оюнун уюштурса анда оюндун катышуучулары спирттик ичимдиктерди ичпөөгө, адамдардын огороддорун аттарга тебелетип андагы өсүмдүктөргө зыян келтирбөөгө, автоунаа, мал жана адамдардын нары-бери эркин өтүүсүнө тоскоолдук кылбоого тийиш. Бул шарттар бузулган учурда той ээси жоопкер болуп атайын бекитилген суммада айып тартат.

2-БАП

Адам каза болгондо, башкача айтканда маркумду жерге берүүдөгү ысырапкорчулукту чектөө жөнүндө:

1-берене:

Каза болгон жаранды жерге берүү аяктап, анын алыстан, жакындан келген туугандары ошол жерден, мүрзөдөн кайткан соң өз үйлөрүнө, келген жактарына тарап кетүүсү же өлгөндүн үйүнө кайрадан баруусу алардын өз ыктыяры болуп саналат. Ошондой эле маркум узатуу зыйнатына мыйзам алкагында канча мал союла турганы аныкталып бекилиши керек.

Өлгөндүн алыстан келген туугандарын тамактандыруу өлгөндүн ошол аймакта жашаган туугандары жана коңшулары тарабынан ишке ашырылып, ага белгиленген сандагы союш союлушу керек (Мисалы, кой же андан чоңураак бодо мал сарпталуусу мүмкүн).

2-берене:

Каза болгондун туугандары болуп саналбаган, ошол эле айыл же ошол эле шаардан келген же ошол эле айылга же ошол эле шаарга жакын аймактардагы айыл кыштактардан келген жарандардын каза болгонду жерге көмгөн соң, тамак-аш ичүү максатында каза болгондун үйүнө кайрадан баруусуна жол берилбеш керек (Сөөк коюлгандан кийин кайрадан маркум узаган үйгө баруу шарт эмес).

3-берене:

Жерге берилген жаран көп жашаган, же аскер курагындагы, же мектеп жашындагы жаш бала болсо дагы, ошол эле айыл же ошол эле шаарда жашаган жана өлгөндү мүрзөгө коюп кайткан өлгөндүн алыстан келген туугандары эмес, жергиликтүү элдерге тамак-аш бердирүү үчүн, каза болгондун үй-бүлөсүн, жакындарын мажбурлоого, угүттөөгө, куру намыска түртүп уяткарууга эч кимдин акысы жок.

3-БАП

Үйлөнүү тоюндагы ысырапчылыктарды чектөө:

1-берене:

Мыйзам алкагында үйлөнүү тоюна чакырылгандардын саны белгилениш керек жана тойго чакырылгандар ошол белгиленген адамдан ашпоого тийиш.

2-берене:

Убакытты ысырап кылбоо максатында, ал той 2 сааттан, айрым учурда 3 сааттан ашпоого тийиш.

3-берене:

Тойдо мактанчаактыкка жана атаандашууга жол бербөө максатында, колуктунун кийген кийимдеринин болжолдуу баасы белгилүү бир суммадан ашпоого тийиш жана ал кийимдерди үйлөнгөндөн кийин да кийип жүрө берүүгө ынгайлуу жана ошол элдин, улуттун улуттук кийимдеринин колоритинин элементтери аздыр-көптүр сакталган кийимдер болуусу зарыл.

Ошондой эле тойдо колукту, күйөө жана аларды коштогон унаалар арендага алынган эмес өздөрүнүкү болуусу, а эгер өздөрүндө унаа жок болгон учурдагана баасы өтө кымбат эмес машиналардан арендага алууну көзөмөлдөө керек.

4-берене:

Үйлөнгөндөр өздөрү жашаган шаарды же айылды кыдырууга, же андан баш тартууга акысы бар. Эгер алар колунда бар бай жарандар болсо, жетим балдар, жакыр адамдар же карылар жашаган үй-жайларга барып, аларга белек-бечкек, ошондой эле материалдык жардам, кайыр-садакаларды таратса болот.

4-БАП

«Юбилей» деп аталган иш-чаралардагы ысырапкорчулукту чектөө жөнүндө:

1-берене:

Улуттардын улуттук каада-салттарына дал келбеген себептен, бир далай жашап, белгилүү бир куракка толгондугуна байланыштуу эле той өткөрүп, эл чакыруу зарыл деп эсептелинбейт.

2-берене:

Эгер ал инсан коомго эмгеги сиңген белгилүү бир инсан болсо, анда конференция, жолугушууларды өткөрүүгө болот.

Сунушталган долбоордун автору: Дүйшөн Абдылдаев, Кыргызстан журналисттер союзунун мүчөсү

Байланыш телефондор: 0502 928686 (WhatsАрр), 0773849198,0552638222

Булак: “Де-факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 + = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: