Конституция деген эмне? деген суроого Турат мырзадан жооп.
«Кыргыз Республикасынын Конституциясы – бул кыргыз элинин асыл-ой жана тилектеринин жыйнагы. Кыргызстан кандай өлкө болот, кыргыз эли эмнени эңсейт, кандай баалулуктарга таянат жана баалайт, кандай жол менен кетет деген – келески муундарга арналган мурас, керез жана осуят-ориентир.
Кыргыз эли өз ордун тарыхта байыртадан ээлеген, түптөгөн, бекемдеген, негиздеген жана эркиндикке ээ болгон, эрк-кайраты бар, эч кимге көз-каранды эмес, бөтөнгө баш ийбес, козголбос калк жана мамлекет деген билдирүү.
Эң негизгиси – кыргыз эли 1000 жылдык тарыхында түптөгөн адат-салтына жана өзүнүн улуттук касиеттерине таянган, бөтөндүн чечимдерге баш ийбес, башканын өкүмүнө моюн сунбас, өз тагдырын өзү кана чечкен, өз мыйзамдарын байыртадан козголтпой сыйлап келген намыстуу эркин эл деген бүтүм».
PS. Бирок, жыл сайын Конституцияны алмаштыра берсек, улам жаңысын жаза берсек – анда бизди аныктыгы айбын, пайдасына жараша мыйзамдарын бурмалаган, түбөлүктүү принциптерин карманбаган, саткын, намыска бекемдиги жана түбөлүк туруктугу ойнок эл деп санашат. Андан кийин шылдыңдайт, басмарлайт – кийин кол салат.
Турат Аким (Чоң Казат)
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ