Үй камагындагы Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина: “Райым Матраимов төрт күн мурда үй-бүлөсүн алып, Кыргызстандан чыгып кетти”,- деп өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасына жазып чыккан.
Анын мындай маалыматын депутат Искендер Матраимов четке какты. Ал Карамушкинанын айткандары чындыкка коошпогонун, иниси Райым эч жакка кетпегенин, Кыргызстанда эле жүргөнүн “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу билдирди.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ