Menu

Фото – Анкарада Соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 9-жыйыны өттү

Бөлүшүү:

Анкара шаарында (Түркия Республикасы) Соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 9-жыйыны өттү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-түрк комиссиясынын тең төрагалары Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов жана Түркия Республикасынын вице-президенти Фуат Октай болуп саналат.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча Комиссиянын жыйынынын Протоколуна жана Экономикалык кызматташуу боюнча иш-аракеттер планына кол коюлду. Ал соода, саламаттык сактоо, билим берүү жана ветеринария чөйрөсүндөгү айрым маселелерди чечүүгө багытталган 76 пункттан турат.

Түрк тарабы менен кошумча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында бажы өткөрмө жайларын модернизациялоо, Кыргыз Республикасында ДНКнын толук геномдук анализи, ошондой эле трансплантология үчүн зарыл болгон HLA, Cross Match жана PRA ткандык шайкеш келүүсү боюнча лаборатория ачуу боюнча маанилүү пункттар киргизилген.

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов жана Түркия Республикасынын вице-президенти Фуат Октай эки мамлекеттин ортосунда мамилелерди бекемдөө жана чыңдоо үчүн стратегиялык маанилүү чечимдер кабыл алынган ушул Комиссияны жыл сайын өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Жыйын учурунда билим берүү жана илим, саламаттык сактоо, өнөр жай жана кен иштетүү, эмгек жана социалдык коргоо, финансы жана банк иши, маданият жана туризм, транспорт жана байланыш тармактарындагы маселелер талкууланды.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Кыргыз Республикасынын жана Түркия Республикасынын ортосунда товар жүгүртүүнү 1 млрд АКШ долларына жеткирүү жөнүндө макулдашууларды ишке ашыруу боюнча чара көрүү зарылдыгын белгиледи.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 1-ноябрында кыргыз-түрк бизнес-форумун өткөрүү соода жана инвестиция чөйрөсүндө кызматташууну өнүктүрүүгө кошумча дем берет.

Тараптар 2020-жылдын жайында Ысык-Көлдүн жээгинде чоң кыргыз-түрк бизнес-форумун уюштуруу планын белгилешти.

Иш-чаранын соңунда кабыл алынган чечимдерди натыйжалуу жүзөгө ашыруу максатында кол коюлган Иш-аракеттер планын аткаруунун жүрүшү тууралуу квартал сайын маалымат алмашуу макулдашылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 61 = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: