7-ноябрда Антикоррупциялык кызматка арыз менен С.Р. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызда Бишкек шаары боюнча баңгизатка каршы күрөшүү башкармалыктын кызматкери Н.Б. күйөөсү И.Д.га карата козголгон кылмыш иши боюнча 3 миң доллар пара сурап жатканы жазылган. Бул тууралуу УКМК 25-ноябрда билдирди.
УКМК тарабынан материалдар чогултулуп, кылмыш иши козголуп, 23-ноябрда милиция полковниги 50 миң сом пара алып жаткан учурда ыкчам топ колго түшөрөрдө, автоунаасы менен качып, арыз жазган аялды сүзүп кеткен. Бирок алыс узабай колго түшүп, УКМКнын убактылуу кармалуучу жайына камалды. Аял ооруканага жаткарылып, абалы туруктуу.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ